www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев 20дан ашык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга ошондой эле Жогорку соттун Төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев, Нургуль Бакирова, Шералы Камчыбеков, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов катышты.

Төрага Медербек Сатыев бүгүнкү күндө массалык маалымат каражаттары “төртүнчү бийлик” катары коомдук пикирди калыптандырууда өзгөчө ролду ойной тургандыгын белгиледи.

«Сиздер сот тутумунун ачыктыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кылууда, ошондой эле коомчулуктун ишенимин бекемдөөдө маанилүү өнөктөшсүздөр. Ошондуктан сиздерди ачык, конструктивдүү жана жоопкерчиликтүү кызматташууга чакырам.

Ошол эле учурда коомчулукта блогерлерге болгон ишенимдин өсүп жатканын да белгилей кетүү зарыл. Бул жагдай маалымат берүүдөгү тактыкты, далилдүүлүктү жана объективдүүлүктү өзгөчө талап кылат. Ар бир берилген маалымат сот системасы тууралуу коомдук түшүнүктү калыптандырарын эске алуу абзел.

Сот системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар, өзгөрүүлөр жана жетишкендиктер тууралуу коомчулукка тең салмактуу маалымат берүү абдан маанилүү. Коом бир гана терс көрүнүштөрдү эмес, оң жылыштарды да көрүп, туура баа берүүгө тийиш.

Белгилүү болгондой, сотто утулган тарап көп учурда чечимге нааразы болот. Бул табигый көрүнүш. Бирок дал ушундай учурларда сиздердин чеберчилигиңиздер, аналитикалык көз карашыңыздар жана терең иликтөөлөрүңүздөр коом үчүн өзгөчө маанилүү. Сиздер даярдаган ар бир материал коомчулуктун көз карашын калыптандырууда чоң роль ойнойт.

Белгилей кетүүчү жагдай, биз жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланган бардык материалдарды кылдат талдап, коомчулуктун пикирине ар дайым көңүл буруп келебиз. Сын-пикирлерди эске алуу менен ишибизди жакшыртууга аракет кылабыз», — деп белгиледи Медербек Сатыев.

Мындан тышкары, Төрага Жогорку соттун өткөн жылы аткарган иштерине токтолуп, сот тутумунун алдыдагы пландары менен бөлүштү.

Өз кезегинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сунуш-пикирлерин айтышты.

Медербек Сатыев журналисттер тарабынан айтылган сунуштар жана ой-пикирлер сот тутуму үчүн маанилүү экендигин белгилеп, алар мындан аркы ишмердүүлүктө сөзсүз эске алына тургандыгын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Жогорку сот менен жигердүү кызматташып, сот тутумунун ишмердүүлүгүн кеңири жана сапаттуу чагылдырууга кошкон салымы үчүн бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана блогерлерге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды.

Последние новости