www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медербек Ысманалиев:

Медербек Ысманалиев азыркы коомдогу кырдаалга байланыштуу орчунду билдирүү жазып чыкты. Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Бул сунушту мен 2005-жылы Кыргызстандын Россиядагы Элчиси Апас Жумагуловго сунуштаган элем.

Туугандар, биз намыстуу, уяттуу элбиз. Тагыраагы, ошондой эл болгонбуз. Тилекке каршы, азыр ошол намысыбыз менен уятыбыз тебеленип, уктап жатат. Мындайча айтканда, намыска, уятка тийчү адамдарыбыз - аксакалдарыбыз, интеллигенция, маданият жааты, жарандык коом жокко эсе. Орустар "Свято место пустым не бывает" деп айткандай, ошол боштукту кечээкиге окшогон жаш балдар толтурууда. Аларды да түшүнсө болот, намыстанып атышат бирок туура эмес жолду тандашыптыр.

Чындыгында, интернеттен же караңгы жерге туруп алып "Мен тигинтип ийем, тытып салам, бачагын чыгарам" деп кыйкырганга же сындаганга маш болуп калдык. Бош челек катуураак калдырайт.

Алдыбыздан "ала таякчан" МАИ кызматкери чыга калса, алдастап курду издеп, жүрөгүбүз дүкүлдөп баштайт. Сын же акыл айткандан кийин, аны менен макул болбосок, ошонун туура жолдорун да кошо айтканды үйрөнсөк.

Аял затыбызды уруп-сабап, кордоо боюнча да алдыңкы саптарга чыккандай болдук. Токтоткула, жигиттер, бул туура эмес жол.

Сунушум: чет мамлекеттерде мекендештерибиз тарабынан түзүлгөн айылдык, райондук, облустук көптөгөн коомдук бирикмелерибиз бар. Эгерде кайсы бир айылдын уланы же кызы жаза тартып, туура эмес кыймыл жасаса, ошол айылдын 1 аксакалы менен 1 өкүлү ошол айылдашына жолугуп "андай кылбагын, сен мындай аракетиң менен ата-энеңи, биздин айылды уят кылып жатасың. Ал эми башка улуттардын алдында Кыргызды жана Кыргызстанды 'жерге киргизип атасың. Бул биздин биринчи эскертүүбүз болсун" деп бир алдынан өтүп коюш керек.

Түшүнсө, токтойт. Эгерде түшүнбөй, кайра эле жаман жолго барса, анда коомдук бирикменин атынан ата-энесине, мектебине жана айыл өкмөтүнө кат жолдоо керек. Айтып-деп, тартипке чакырышсын. Бул экинчи кадам.

Ага да болбой атса, КР ИИМ Өкүлчүлүгү жана РФ ИИМ менен биргеликте ал адамга чара көрүп, депортация маселесин караш керек. Кыргыздарды бөтөн жерде уят кылбай, акмакчылык кылса, Кыргызстанга барып кылсын.

КР Тышкы иштер министрлиги аркылуу ошол жарандын паспорттогу аты-жөнүн өзгөртүп алып, кайрадан Россияга келбешине көзөмөл жүргүзүү зарыл", - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости