www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылдын 1-апрелине карата мугалимдердин, медицина, илим жана маданият кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрация жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. "Айлыкты эки эсеге же 50% көтөрөбүз. Бул 2022-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот", - деди премьер-министр.
Депутат Абдывахап Нурбаев жергиликтүү башкаруу органдарына мектептерге жардам берүүнү, бюджет болгон учурда жакшы иштеген мугалимдерге кошумча айлык төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүнү сунуштады.
"Биз андай чектөөлөрдүн баардыгын алып салганбыз. Мүмкүнчүлүк берип жатабыз, керек болсо экинчи айлык, сый акы берип турсун. Кызыктырыш керек. Өкмөттүн токтому менен өз акчаларынын 20% жардам бергенге, 20% коронавируска каршы күрөшүүгө, калган 60% экономиканын өнүгүшүнө жумшаса болот", - деди Жапаров.
Жогорку Кеңеш “Салык кодексинин долбоору жана аны колдонууга киргизүүгө багытталган” мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Кыргызстанда орточо айлык 19 миң сомдун тегерегинде. Ал эми мугалимдердин маянасы орточо айлыкка да жетпейт. Башкача айтканда, 15 миңдин гана тегерегинде. 2020-жылы билим берүү тармагындагы орточо айлык 14 764 сомду түзгөн.
Булак: NazarNews.kg