www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ташкен облусунун Букин районунда фермерлер жерлерин мамлекеттик резервге ыктыярдуу түрдө өткөрүп берүү тууралуу арыз жазууга мажбурланууда. "Озодлик" радиосуна даттанган фермерлердин айтымында, жергиликтүү бийликтин негизги максаты – жер аянттарын айыл чарба кластерлерине өткөрүп берүү. Букиндик фермерлердин бири отуздай кишини кампага камап, арыз жаздырууга мажбурлаган учурга күбө болгонун айтты.
– Фермерлерди жапырт түрдө арыз жазууга мажбурлаган учур биринчи жолу 17-октябрда болду. Ташкен облусунун башчысынын орун басары Улугбек Узоков бардык фермерлерди түшүм кампасына камап, аларга: "Бүгүн жекшемби, кечке чейин бошмун, азыр жерди өткөрүп берүү жөнүндө арыз жазасыңар", - деп айтты. Жыйырмадай фермер арыз жазды, анан Узоков жыйынды токтотуп, кетип калды, – деди ал.
Маалыматка караганда, мындай учур 21-октябрда да кайталанган. Район акими милиция башчысы менен бирге фермерлерди жергиликтүү колледжге чогултуп, жер аянттарын резервдик фондго өткөрүп берүүгө мажбурлаган.
Өзбекстандын президенти быйыл 9-июнда облус, шаар, район башчыларына түздөн-түз жер бөлүп берүүгө, жерлерди тартып алууга, башка бирөөлөргө өткөрүп берүүгө тыюу салуу жөнүндө жарылыкка кол койгон. Фермерлер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү президенттин бул жарлыгын көңүлгө албай жатканын белгилешүүдө.
Өзүн Букин районунун башчысынын жардамчысы деп тааныштырган киши жергиликтүү фермерлерди жерлерин мамлекеттик резервге өткөрүп берүүгө мажбурап жатканы тууралуу маалыматты четке какты.
– Бул туура эмес маалымат, азыр акимчиликтерде жерлерди алып коюу жана бөлүп берүү укугу жок. Мындай биздин райондо байкалган жок, – деди ал.
Ал ортодо ар башка булактар Анжиян облусунун Анжиян районунда да фермерлерге ушундай мүнөздөгү кысым көрсөтүлүп жатканын кабарлайт.
Булак: NazarNews.kg