www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жол кыймылынын эрежеси бузулгандыгы үчүн кармалган айыптын 25 пайызы МАИге которулууга тийиш. Бул тууралуу брифингде Транспорт министрлигинин унаа жолдор башкармалыгынын башкы адиси, юрист Канатбек Бейшеев билдирди.
Анын айтымында, бул норманы жөнгө салган белгилүү бир токтом бар. Бирок Мамлекеттик жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын Жол кайгуул кызматы жана укук коргоо практика башкармалыгынын башчысынын орун басары Манас Сыдыгалиев чогулган айып пулдун 25 пайызы МАИ башкармалыгынын бюджетине түшөөрүн тактады.
Анын ичинен 10 пайызы протокол түзгөн кызматкерге, 10 пайызы материалдык-техникалык жабдууга жана 5 пайызы башкаруучу топко которулат. Ушундай эле норма өкмөттүн токтому менен бекитилген. Система төрт жылдан бери иштеп келе жатат.
Булак: NazarNews.kg