www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медицина кызматкерлери жаңы маянага нааразыбы?

Буга чейин КР Саламакттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ак халатчандардын айлык акысы көбөйтүлөт деп билдирген.

Өкмөттүн 134 токтому менен биринчи этапта  апрель айынан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек маянасы жүз пайызга көтөрүлгөн, ал эми 1 - июлдан тарта бардык медицина кызматкерлеринин айлыгы элүү пайызга жогоруламакчы.

Эмгек акыны жогорулатканга чейин үй-бүлөлүк медицина кызматкерлеринин негизги маянасы 5000 сом болсо, кошумча төлөмдөр менен бирге орто эсеп менен 15 миң сом айлык акы алып келишкен. Азыркы учурда өкмөт дарыгерлердин маянасын 50 жана 100 пайызга жогорулатканы менен ак халатчандар кошумча төлөмдөрдөн кол жууп калышты.

Демек буга чейин орто эсеп менен 15 миң сом айлык алган кызматкерлер учурда 10 миң сом маяна алып калышты.

Кээ бир медицина кызматкерлери кымбатчылык кырдаалда жаңы маянага нааразы экендигин билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости