www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов быйыл 98 жашка толгон Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урмамбетовду барып көрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага ардагерди келе жаткан майрамы - Жеңиш күнү менен чын жүрөгүнөн куттуктап, согуш учурунда көрсөткөн каармандыгы үчүн ага ыраазычылык билдирди.

«Биз жеңишке жетишкен муундун алдында кутулгус карызбыз, сиздердин эрдигиңиздер биздин жүрөгүбүздө жана Кыргызстандын тарыхында түбөлүк сакталып калат. Сиздер азыркы муун үчүн да, кийинки муундар үчүн да үлгүсүздөр», - деди төрага.

Өз кезегинде ардагер куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, акыл-насааттарын айтты, бардык кыргызстандыктарга тынчылык, ынтымак, биримдик каалады.

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин атынан ардагерге акчалай жардам көрсөтүп, атайын белектерди тапшырды. Асек Урмамбетовго чын ден-соолук каалап, дагы көп жыл жашаңыз деген каалоосун айтты.

Белгилей кетсек, Асек Урмамбетов бир топ жашка келип калганына карабастан, согуштун ардагерлерине, майыптарга жана тылда иштегендерге колдоо көрсөтүүчү «Ак–Жол» фондун жетектейт, китептерди, роман, поэмаларды жазып жүрөт. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде ал аскерге чакырылган.

1943-жылдын майында 735-аткычтар полкуна туш болуп, аткычтар взводун жетектеген. Согуштук тапшырмаларды аткарып, айыл-кыштактарды, шаарларды фашисттик баскынчылардын бошоткону үчүн Урмамбетов Улуу Ата Мекендик согуш жана Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости