www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

МК фонду республиканын медициналык кызматкерлерине 2020-жылдын август айына карата компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзө баштады. Бул тууралуу ММК фонду билдирет.

Ага ылайык, бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген 15 миң 785 медициналык кызматкер үчүн төлөмдөрдүн жалпы суммасы 269 млн 200 миң сомду түздү.

Анын ичинен;

— Бишкек шаары боюнча — 63 млн 374 200 сом;

— Чүй облусу боюнча — 29 млн 874 500 сом;

— Ош облусу боюнчаа — 62 млн 550 700 сом;

— Баткен облусу боюнча — 19 млн 686 700 сом;

— Жалал-Абад облусу боюнча — 37 млн 272 900 сом;

— Ысык-Көл облусу боюнча — 29 млн 710 900 сом;

— Нарын облусу боюнча — 15 млн 605 100 сом;

— Талас облусу боюнча — 10 млн 814 400 сом.

Эске сала кетсек, КР өкмөтү коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө тартылган медицина кызматкерлерине 2020-жылдын аягына чейин компенсация төлөө максатында республикалык бюджеттен кошумча 640 млн сом (ММК фондуна — 540 млн сом, Саламаттык сактоо министрлиги 100 млн сом) бөлүп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости