www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын маалыматы боюнча, Бишкектеги медреседе болгон массалык уулангандардын саны 44кө жетти. Буга чейин 37 адам жабыркаганы айтылган.
Маалыматка ылайык, 13 адам ооруканага жаткырылып, 31и амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Ал эми, бир адам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бейтаптар 18-июнда саат 12:00дөн баштап кабыл алуу бөлүмүнө түшө баштаган. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө ооругандардын бардыгы Чатыр-Көл көчөсү 38 дарегинде жайгашкан медреседен оливье салатын жешкендиги аныкталган.
Учурда бейтаптардын абалы орточо оор деп бааланууда.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында жалпысынан 41 000 сомдук үч эреже бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн.
Аныкталган эреже бузуулар оңдолгонго чейин медресенин ишин убактылуу токтотуу жөнүндө буйрук чыгарылды.
Жабырлануучулар 18-20 жашта болгон. Бейтаптардын айтымында, алар оливье салатын жешкен.