www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Медведев Киевге чет элдик курал-жарактарды жеткирүү өзөктүк апокалипсисти жакындатат деп эсептейт.
Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев дүйнөдө өзөктүк жаңжал коркунучу басаңдабай, тескерисинче, курчуганын билдирди. Саясатчы интервьюдан үзүндүнү өзүнүн Telegram каналына жарыялады.
"Өзөктүк жаңжал коркунучу басаңдадыбы? Жок, басаңдаган жок. Украинага чет элдик курал-жарактарды жеткирүүнүн ар бир күнү акыры мына ушул өзөктүк апокалипсисти жакындатат", - деди Медведев орус журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып.
Ал эми мурдараак Медведев Эл аралык кылмыш сотунун Путинди “камакка алуу” ордеринен улам эл аралык мамилелер системасы төмөндөй турганын айткан. Ошол эле учурда, ал бул чечимден кийин Орусиянын президентинин дүйнөнү кыдыруусу коркунучтуу эмес экенине ишенет.
Булак: NazarNews.kg