www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Европанын Орусияга каршы кезектеги санкциялары дүйнөлүк экономикага революциялык өзгөрүүлөрдү алып келерин өзүнүн Telegram каналы аркылуу билдирди.

"Европа комиссиясы Орусиянын экономикасынын быт-чытын чыгаруу үчүн санкциялардын алтынчы пакетин кабыл алды. Арийне алардын максаты Орусия эмес, дүйнөлүк экономикага бүлүк салгылары келип турат. Бирок революция өз балдарын жей турганын кимдир бирөө унутта калтырууда", — деди ал.

Европа биримдиги өткөн жумада Орусияга каршы санкциялардын алтынчы пакетин жарыялады. Анда орусиялык мунайдан акырындап баш тартуу каралган. Чектөө тек гана деңиз аркылуу жеткирилген нефтиге тиешелүү. Мындан тышкары, Сбербанк, Россельхозбанк жана Москва кредиттик банкын SWIFT системасынан өчүрүп салуу каралган.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы атайын операциясын баштагандан тартып АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости