www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт-беш балалуулар үйүндөгү муздаткыч үчүн жөлөкпул ала албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Гүлкан Молдобекова билдирди.

"Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Сары-Дөбө айылынын жашоочулары балдарына жөлөкпул ала албай келишет. Себеби үйүндө муздаткыч же болбосо телевизор болгону үчүн. Ал мыйзам долбоорунан 2015-жылы эле алынып салынган деп жатасыз, аны баары билет. Бирок ал мыйзам иштебей жатпайбы. Элибиз кыйналып жатат. Жеке эле ал айылда эмес, көпчүлүк аймакта ошол маселе. Эмнеге сиздер буга кайдыгер карап жатасыздар? Аталган айылга барып келгиле деп үч ай мурун айткам. Сиз өзүңүз аталган айылга барып элдин көйгөйүн угуп келбейсизби. Мен дагы сиз менен барайын. Көзөмөлгө алабыз деген шылтоону айтпагылачы. Мага кайрылган элге көзөмөлгө алышат экен деп айткандан уялып калдым", - деп депутат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотовага кайрылды.

Жылдыз Полотова сунуш-пикирлерди эске алып, аталган маселе жакынкы арада чечилет деп убада кылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости