www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Европанын талуу жерине тийди. Тагыраагы, баалардын өсүшү инфляцияны жогорулатып, Батыштын экономикасын алсыратты. Бул тууралуу Bloomberg жазды.
"Европа биримдиги Орусияга каршы катаал чектөөлөрдү киргизгени менен компромисске келген учурлар көбөйүп жатат. Мисалга мунайды түтүк аркылуу жеткирүүдөн баштап, патриарх Кириллдин санкциялык тизмеден чыгарылышын айтсак болот", — деп жазылган макалада.
Басылма белгилегендей, Орусияга каршы экономикалык согуш ЕБди экиге бөлүп салды. Себеби мамлекеттер "санкциялардан чарчап бүттү".
Bloomberg Economics божомолу боюнча, Орусиянын мунай менен газдан түшкөн быйылкы кирешеси 258 миллиард долларды түздү.
"Буга башка товарларды кошкула, каражат санкциянын алкагында тоңдурулган орусиялык валюта резервин 300 миллиард дооларга компенсациялап жатат", — деген макаланын автору.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Россияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.
Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды.
Булак: NazarNews.kg