www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев РИА Новостиге берген маегинде "Вконтакте" социалдык тармагындагы баракчасына жасалган хакердик чабуул тууралуу айтып берди.

Ал бул маалыматтык согуштун көрүнүшү экенин, ЖККУ, ЕАЭБ жана ШКУ боюнча өнөктөштөрдүн кагылышына кызыкдар болгон душмандар тарабынан жасалганын билдирди.

"Мындай хакерлик чабуул биринчи жолу болуп жаткан жок. Премьер-министр болуп турганда да ушундай чабуулдар менен күрөшүүгө туура келген. Бул — маалыматтык согуштун бир түрү. Социалдык тармактын администрациясы жана компетенттүү кызматтар текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Кылмышкерлер жазасыз калбайт", — деди Медведев.

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Орусияны КМШдагы өнөктөштөр менен урушпасын, алар менен ар дайым түз мамиледе болорун белгиледи.

"Белгилүү адамдын атынан кошуналарга карата одоно же өтө кылдат нерселерди жазуу — душмандын иши. Алар өзүнүн алдына агрессивдүү пландарды коюшкан. Биз эч качан антип иштебейбиз. Бул биздин эреже эмес, моралдык принциптерибизге да туура келбейт", — деди ал.

Сөзүнүн соңунда ал дал ушундай аракеттер келечекте дагы болушу мүмкүн экенин коушмчалады.

Эске салсак, 1-августта Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин «Вконтакте» социалдык тармагындагы баракчасында Казакстан жана Грузия тууралуу билдирүү жарыяланып, кайра өчүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости