www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшанын аймагында АКШнын аскерлери арбып, НАТОнун алдынкы чегине айланууда, бирок жалпы европалык коопсуздукка мындай нерсе уламышка айланган «орус коркунучуна» караганда алда канча кооптуу. Бул тууралуу РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Sputnik Polska агенттигине берген маегинде айткан.
«Берилген вассалдары америкалык таксыр менен жалпы эле НАТОго урмат көрсөтүшү керек. Андыктан дал Польшанын өзү Түндүк Атлантика альянсынын алдыңкы чегине айланууда. Анын аймагында 2020-жылдын август айынан тарта АКШнын аскерлери кескин көбөйдү, Американын ПРО системаларын жайгаштыруу аягына чыгып бара жатат. Польшанын ири регионунда бир нече «Трамп форту» курулмакчы», — деген РФтин коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары.
Медведевдин айтымында, антиорусиялык санкциялардын фонунда улуттук кызыкчылык үчүн деген шылтоо менен Польша бийлиги өзүн «орустардын шумдуктуу пландары менен күрөшө турган форпост» деп жарыялады.
«Жалпы европалык коопсуздук үчүн мындай калпыстык Варшава улам айтып келе жаткан уламышка айланган «орус коркунучуна» караганда алда канча кооптуу. Бирок Польшаны Европанын ири мамлекеттери да, АКШ да олуттуу стратегиялык өнөктөш катары карабайт, себеби салмагы да, таасири да алар ойлогондой эмес. Альянска кошулуу үчүн кичүү өнөктөштөрүнө (маселен, Украина, Грузия) жардам берип, упай топтосо болмок. Бирок Польша-Украина мамилесинде баары жипке тизгендей эмес», — деп кошумчалаган Медведев.
Бул нерсе менен ал украиналык улутчулдардын Дүйнөлүк экинчи согуш учурунда кылмыштары боюнча чатактарды жана украиналыктардын «поляктар Европа биримдигине аралашып кетүүгө анча жардам бербей жатканы» боюнча таарынычын эстетти.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg