www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Стамбулда Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү талкуулады. Бул тууралуу түрк лидеринин кеңсеси билдирди.

«Президент Режеп Тайып Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү. Орусия жана украин делегацияларынын Стамбулдагы жолугушуусу талкууланды. Сүйлөшүү учурунда Эрдоган Украина менен Орусиянын сүйлөшүү делегацияларынын Стамбулдагы жолугушуусу олуттуу мааниге ээ болгонун айтты. Согушту токтотуу жана тынчтык орнотуу процессине көңүл бурулду», - деп айтылат түрк лидеринин кеңсесинин билдирүүсүндө.

Эрдоган Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин чыңалууну басаңдатуу үчүн кээ бир сигналдарды берүү маанилүү экенин айтты жана Зеленскийдин Түркияда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусун сунуштады.

«Украинанын президенти Зеленский дагы президент Эрдоганга украин жана орус делегацияларынын Стамбулдагы жолугушуусун уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирди», — деп айтылат билдирүүдө.

29-мартта Орусия Украинанын баш калаасы Киевдин жана түндүктөгү Чернигов шаарынын айланасындагы операцияларын кыскартып жатканын билдирип, анын максаты «өз ара ишенимди бекемдөө» аракети менен түшүндүргөн.

Орус тарап бул тууралуу эки өлкөнүн делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин жарыялаган болчу. Бирок мындай билдирүүгө карабастан орус күчтөрүнүн Украинанын түндүгүндөгү аба чабуулдары уланып жатканын эки тарап тең ырасташты.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости