www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Джо Байден орусиялык кесиптеши Владимир Путиндин айланасындагы ушак-айың кептерге комментарий берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Байден Украинадагы аскерий операция жана орус экономикасынын абалы тууралуу баардык маалыматты орус президентинен жашырып коюшу мүмкүн деген сөздөр спекуляция болушу мүмкүн деп эсептейт.
«Ал жана мен муну так айталбайм, ал (Путин - ред) өзүнчө изоляцияланган окшойт. Ал эми кээ бир кеңешчилерин жумуштан кетирген же үй камагына чыгарган деген маалыматтар бар. Бирок мен буга азырынча анча ишене бербейм, - деди АКШ президенти.
Белгилей кетсек, буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремлде болуп жаткан окуялар тууралуу АКШнын эч кандай маалыматы жок экенин, ошондуктан алар туура эмес чечимдерди кабыл алып жатканын белгилеген. «Кремлде болуп жаткан окуялар тууралуу Мамлекеттик департаментте да, Пентагондо да реалдуу маалымат жок, алар президент Путинди түшүнбөйт, алар чечим кабыл алуу механизмин жана биздин иштөө ыкмабызды түшүнбөйт», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg