www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдиктен санкцияларды алып салууну Орусия суранбайт, өлкөнүн запасы жетиштүү, Евросоюз менен жашоо бүтүп калбайт. Бул тууралуу РФ ТИМинин Жалпы европалык кызматташуу боюнча департаментинин директору Николай Кобринец айткандыгын РИА Новости билдирди. "Санкцияларды алып коёсуңарбы деп суранып, өтүнүп чыкпайбыз. Кошумча мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Евробиримдик ааламдын борбору эмес, аларсыз күн бүтүп калбайт", — деди дипломат.

Эске салсак, Орусия 24-февралдан тарта Украинаны "демилитаризация жана денацификация кылуу боюнча атайын операция" деп аталган согуш баштаган. Батыш буга жооп катары Москвага карата масштабдуу чектөөлөрдү койду. Санкция биринчи иретте банк сектору менен жогорку технологияларды алып келүүгө салынды. Бир катар атактуу бренддер өлкөдөгү ишин токтоткондугун билдиришти.

Кремль мындай кадамды буга чейин кездешпеген экономикалык согуш деп жарыялады. Орус бийлиги абалдын мындай болуп кетишине мурдатан даяр болгондугун жана социалдык милдеттерин аткара берээрин билдирди. Орусия банктары валюта рыногундагы кырдаалды жөнгө сала турган чараларды көрдү. Аны менен катар, бийлик касташкан өлкөлөргө алган газы үчүн акысын рубль менен төлөйсүңөр деген талап койду. Мындан сырткары, өкмөт жүзгө чукул демилгени камтыган санкцияга каршы план даярдагандыгын билдирип, аны каржылоо көлөмү триллион рублге жакын экени айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости