www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өлбөгөн жанга жаз келди». Бийликке доспу, кулбу ким билет, Доскул мырзанын далысынан таптап койсо болот. Токтогул ГЭСинде канчалык суу азайбасын, Казакстан менен Украинада канчалык  ызы-чуу болбосун жарыкты мезгил-мезгили менен өчүргөн жок, тарифтер көтөрүлбөдү. Үстүбүздөгү жылы электр энергиясына болгон тарифтер өзгөрүлбөйт. Бул тууралуу маалымат жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Өткөн жылы Доскул Бекмурзаевдин кол алдындагы министрлик 2025-жылга чейин тариф саясатын бекиткен. Азыр макулдашылган план менен бара жатышат. 2022-жылы тарифтерди өзгөртүү каралбайт.

40 млн элди камтыган Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандагы  жарыктын өчүрүлүшү кытай жана орус криптовалюталык майнерлеринин айынан же казакстандык террористтер кол салышкан деп эл оозунда турат. 2022-жылдын 25-январында Өзбекстанда, Кыргызстанда жана Казакстанда масштабдуу жарык өчүрүүлөр болгон. Мындай оор кырдаалдар дүйнөдө биринчи эмес. Алсак 2003-жылдын 14-августунда АКШда «Улуу блэкауттан» улам 55 миллион адам жарыксыз калып, 6 млрд доллар зыян тартышкан. 2021-жылдын 30-31 июлунда Индияда  20 штаттын 650 млн жашоочусу 8 саат жарыксыз калган 2021 жылдын 9-январында электрдин жок болгонунан улам Пакистанда 200 млн адам 20 саат жарыксыз калган.

Арийне, министр Доскул Бекмурзаевди шалаакылыгынан ноябрда алмаштырыла турган 4 агрегат 2022-жылдын июнь айына калды. Доскул Бекмурзаевди куурдак кылып кууруп жесек да эч нерсе чыкчудай эмес. Электрэнергия менен каамсыз кылыш үчүн Түркмөнстандан  502 млн кВт.саат, Казакстандан  900 млн кВт. саат жана Өзбекстандан 750 млн кВт.саат алабыз. Доскул Бекмурзаевдун кол алдындагы көмүр менен элди камсыздандыра турган атка минерлер өздөрү көмүр майданында ажиотаж уюштурушуп, көмүрдүн баасын көкөлөтүшүп тоннасын 6000-7000 сомго көтөрүп жиберишкен. Көмүрдүн тоннасынын баасын 3000-3500 сомдон ашырбаш үчүн катуу талаптар коюлду. Жыл башынан бери үч жетекчиси алмашкан «Кыргызкөмүр» ишканасында көмүргө жооп бере турган жетекчилер кызматынан айдалган. Жапаровдун айтуусу боюнча Доскул Бекмурзаевди куурдак кылып кууруп жесек да быйылкы кыштан чыгышыбыз керек эле. Аны ким куурдак кылып кууруп жеди белгисиз, бирок кыштан дурус эле чыктык. Токтогул ГЭСинде көйгөйлөр түзүлүп, көмүрдүн баасы асманга чыгып жатканда үч фазалуу электр менен жылыткандардын саны арбып бараткан. Баса, акыйкаттык үчүн айта кеткенибиз оң, президент Садыр Жапаров элдин оюн туура түшүнүп, көмүрдүн баасын 3000 сомдон ашырбоо үчүн убадасын берген. Көмүр базалары каалашынча көтөрүп жатканда бул жакшы сөз. Кээ бир көмүр базаларында көмүр алыш үчүн кезек түзүлүп, Кара-Кечеде айрым көмүрдөн пайда таап жаткан кызматкерлер буга каршы болгону менен, бул учурдагы маселени туура чечип бергени бийликтин туура жагы.

Айрым аймактарда үйлөрдү жылытууда электр энергиясын туура пайдалануу үчүн үч фазалуу электрге тыюу салына баштаган. Муну тез сезген бийликке каршы чыгышып элди үндөп жаткан партиялар 28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктаган соң электр энергиясы мезгил-мезгили менен өчүрүлүп турат деген каңшаарды тарата башташты. Бирок андай болгон жок. Алардын пикирлери боюнча Кыргыз Республикасына Токтогул ГЭСинде суунун азайышынан улам, келишим аркылуу электрэнергиясын берип жатышкан Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан электрэнергиясын берүүдөн баш тартышып, бизде бул тарапта кризис жаралат дешет. Дүйнөлүк практикада келишим түзүлгөн соң мамлекеттер аткарышы керек. Болбосо, эмнеге келишим түзүшөт? Балким, Орусия менен мындай келишим түзүүдөн баш тартышкан Украинадан улам айтылып жатса керек. Украинадан Европага газ өтүп, ортодо бекер газга тунуп турган бул мамлекет, акыркы мезгилде «Түндүк агым» деген Германия аркылуу Европага өтө турган куурдан улам жылуулук тармагын газ менен иштетүү коркунучта калып, АКШ жана НАТОго таянып, бул жерде чоң чыр даярдашкан, капсабына өзү жалгыз калды.  Эгер келишим боюнча миң куб газды 250 доллардан алып жатышса, бүгүнкү учурда газдын наркы 2000 доллардан ашкан .Эми газды доллар, евро менен төлөшпөй орус рубли менен гана төлөшө турган болушту. Экономиканы эмес, саясатты биринчи коюшкан Германия, Франция кежеңдеп турушат. «Көч бара-бара түзөлөр».

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости