www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев украин бийлигинин Орусияга каршы билдирүүлөрүн жана орусиялыктарга катаал санкцияларды жана чектөөлөрдү киргизүү тууралуу чакырыктарын кабыл алынгыс деп атады.

Саясатчынын айтымында, мындай билдирүүлөр нацизмге тете.

"Украинанын башкы клоун: бүт Орусиянын калкын жоопкерчиликке чакырууну сунуштады. Акыркы жолу Адольф Гитлер бүтүндөй бир элге карата мындай идеяларды ишке ашырууга аракет кылган. Украин бийлигинин табияты боюнча дагы суроолор барбы?", - деп жазды Медведев өзүнүн Telegram-каналында.

Белгилей кетсек, буга чейин украин бийликтери батыш өлкөлөрүнүн жетекчилигин бардык орусиялыктарга өз мамлекеттеринин аймагына кирүүгө тыюу салууга ачык чакырган. Тактап айтканда, Украинанын президенти Владимир Зеленский да ушундай чакырык менен чыкты. Азырынча Евробиримдик өлкөлөрү жана АКШ анын билдирүүсүнө кулак каккан жок жана мындай катуу чектөөлөрдү киргизгени да жок.

Зеленскийдин өзү жакында Орусия Федерациясынын бардык жарандарына 50 жылдык мөөнөткө Украинага кирүүгө тыюу салууну сунуш кылган антиорусиялык петицияны карайт. Украин лидерине тийиштүү кайрылуу 25 миңден ашык кол топтоду, эми Зеленский ага жооп берүүгө милдеттүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости