www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мариотель мейманканасында зордукталганын билдирген 17 жаштагы кыздын абалы кыйын. Кечээ, 8-августта айыпталуучулар тарабынан кыздын үй-бүлөсүнө, ошондой эле кылмыш тууралуу жазган блоггерлерге кысым көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"ММКлардагы жана социалдык тармактардагы ызы-чуулардан кийин тергөөчү алмашты, жаңысы азырынча мыйзам чегинде иштеп жатат. Иш Аламүдүн РИИБде каралууда. Кызга жана анын үй-бүлөсүнө биздин уюм жардам бериүүдө. Жабырлануучу өзүн жаман сезип жатат», - деди укук коргоочу.
Эскерте кетсек, милиция Мариотель мейманканасындагы 17 жаштагы кызды зордуктоо фактысын текшерүүдө. 6-августтан 7-августка караган түнү Лебединовка айылындагы мейманканалардын биринде жашы жете элек кызы менен жыныстык катнашка барган белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен апасы милицияга кайрылган.
Бул факт РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Буга чейин бардык шектүүлөр суракка алынып, экспертизалар дайындалган. Бүгүн 9-августта 2002-жылы туулган У.Э. камакка алынды. Бул окуя Чүй ОИИББдин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат.
Булак: NazarNews.kg