www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстан «Бир Кытай» саясатын колдойт. Бул тууралуу Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вепа Хаджиев Кытайдын элчиси Цянь Найчэн менен жолугушууда билдирди.

«Түркмөнстандын позициясы өзгөрүүсүз бойдон калууда: түркмөн тарап «Бирдиктүү Кытай» саясатын жактайт, эл аралык укуктун негизинде Кытайдын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдойт», — деп айтылат билдирүүдө.

КЭРдин Түркмөнстандагы элчилиги жолугушуу тууралуу бир сапта отчет берип, түркмөн тараптын Кытайдын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоо кепилдиктерин гана белгиледи.

Белгиленгендей, Түркмөнстан Кытай өкмөтү «бир Кытай» саясаты боюнча позициясын ырастоону суранган жалгыз өлкө эмес. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын (Конгресстин төмөнкү палатасы) спикери Нэнси Пелосинин Тайванга жасаган иш сапарынан кийин кытайлык дипломаттар бир катар өлкөлөрдө жолугушууларды өткөрүштү, алардын өкүлдөрү Кытайдын аймактык бүтүндүгүн колдой тургандыктарын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости