www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинага акча берүү темасы АКШнын баш оорусуна айланды. Бирок бул баары бир боло турчу көрүнүш эле, саясаттын мыйзамдары ушундай. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Telegram каналына жазганын РИА Новости блдирди.

Ал демократтар же республикачылардын кимиси күчтүү экенине карабай АКШ Украина режимин милитаризация кылуу үчүн чоң көлөмдө акча бөлүүнү уланта берерин кошумчалаган.

Буга чейин республикачы конгрессмендердин тобу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенден Демократиялык партия менен Украина өкмөтүнүн ортосундагы каржылык байланыш жөнүндө отчет берүүнү талап кылган.

"Мына башталды. Украинага акча берүү темасы АКШнын баш оорусуна айланды. Конгрессчилер ири көлөмдөгү акча кайда кеткенин тыкыр текшерүүнү талап кылууда. Бирок бул баары бир боло турчу көрүнүш эле, саясаттын мыйзамдары ушундай. Республикачылар шайлоодон кийин күчтөнүп, демократтардын бир тобун кетирип жатышат. Ал эми демократтар алар менен күрөшүүдө", — деген Медведев.

Ал кийин деле Украинага акча бөлүнө турганын айтып, бирок бул процесс убакыт өткөн сайын кыйыныраак болуп каларын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости