www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19 жаштагы баланын жүрөгүнө так калтырдыңар . Анан ал силерден өч алам деп өмүрүн өткөзөт. Сөзсүз өчүн алат. Мындай пикирин экс-депутат Мээрбек Мискенбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал бийликке наарызы экенин баса белгиледи.

Урматтуу бийликтин кыйындары!

Мен бүгүн нааразы экенимди билдирүүнү туура көрдүм.

Мен, кечээ күнү 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевди камактан чыгарат деген ойдо элем, көрсө куру үмүт артып алган экенмин.

 "Жаш муун - мамлекеттин келечеги" деп билгенден кийин, кылган иш-аракеттерибиз дагы ошол багытта туура болуш керек, бул биздин милдет. 19 жаштагы балага таалим-тарбия бергендин ордуна, анын келечеги менен тагдырына балта чаап түрмөгө камап, туура эмес кадамга бардыңар. Түрмө адамды эч качан оңдобойт! 

Силер башынан эле Атамбаевге өчөшүп алып, үч жылдан бери өчүңөрдү алып бүтө албай жатасыңар. Эми минтип 19 жаштагы баланын жүрөгүнө так калтырдыңар . Анан ал силерден өч алам деп өмүрүн өткөзөт. Сөзсүз өчүн алат. Ушундай өч алуу мүнөздүк багытты токтотуу силердин колуңардан келмек, бирок силер аны токтоткондун ордуна, тескерисинче күчөтүүгө багыт алдыңар.

Өтө өкүнүчтүү!

Мен силердин Кыргызстандын келечеги болгон жаштарды куугунтукка алып, эркиндигин чектеп, тилин бууган кыймыл-аракетиңерге өтө нааразымын!
Балким, бөрк ал десе баш алган желдеттердин кылганы... Балким, бийликтеги төбөлдөр дагы ойлонуп башка чечимге келишээр. Кыскасы, коомчулук нааразы экенин эске алып иш кылсаңар деген ой", - деди Мискенбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости