www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жайда Кытайдын бир катар аймактарында катталган катуу ысык 1961-жылдагы рекордду жаңылады. Бул тууралуу Кытайдын борбордук метеорология башкармалыгына шилтеме берүү менен «Ханчжоу» басылмасы билдирди.
Кытайлык синоптиктердин маалыматы боюнча, 15-августка карата Кытайда ысык аба ырайы жалпысынан 64 күнгө созулган. Бул 1961-жылдын жай мезгилиндеги 62 күндүк рекорддон ашты.
«Комплекстүү талдоо көрсөткөндөй, учурдагы катуу ысык уланып, анын интенсивдүүлүгү күчөйт», - деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.
Абанын температурасы 40 градустан ашкан метеостанциялардын саны боюнча быйылкы жайда да рекорд жаңыртылган. Алардын саны — 262. Буга чейин 40 градустан ашкан температура белгиленген 187 метеостанция 2013-жылы жай айында катталган.
Булак: NazarNews.kg