www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда мурдатан эле Василий Верещагиндин «Богатый кыргызский охотник с соколом» деген сүрөтү Байтик баатырга арналып тартылган, анда сүрөтчү өзүнүн досун мергенчинин образында берген деген маалымат айтылып жүргөн. Мурда бул сүрөткө көп деле маани берилчү эмес. Бирок, бүгүн Байтик баатырдын 200 жылдыгын майрамдоо салтанатына байланыштуу көпчүлүктүн көңүлү бул сүрөткө бурулуп жатат. Бул маселе актуалдуу болуп чыга келди. Ошондон улам Байтик баатырдын канча оригинал сүрөтү болду экен деген маселе көпчүлүктү кызыктырып келет.

Талаш жараткан сүрөт тууралуу тарых илимдеринин кандитаты Табылды Акеров NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

"Социалдык тармактагы маалыматка караганда Верещагин Байтик баатыр менен 1867 –жылы ал Орто Азиялык элдердин 17 өкүлү менен Санк-Петербург шаарына Александр II коронациясына барганда таанышкан. Бирок, кийинчерээк орус аскерлери Түркстанга киргенде ал Байтик менен кайрадан жолугушуп, алар жылуу мамиледе болушканын жазат. Байтик менен жакшы мамиледе болгондуктан сүрөтчү Верещагин Чүйдү эркин кезип кыдырып, Кытайга өтүп, анан ал жактан да катуу таасирленип, көптөгөн сүрөттөрдү жараткан дейт.

Верещагин бул картинаны Орус империясынын чыгыш жүрүштөрү бүткөндөн сон, Мюнхенде тарткан. Сүрөттө  Байтик баатырды чыгыш элдерине мүнөздүү өтө бай адамдар кийине турган кийимде тарткан. Анын колундагы шумкар, анын социалдык статусунун символун чагылдырып, анын бий жана мергенчилик өнөрүн мыкты билген аңчы экенин көрсөтүп турат. Байтик узун мылтыкчан, мергенчиге ылайык бычакчан жана шапалак түрүндө өрүлгөн камчычан.

Байтик шумкарды кармап, боз үйдүн ичинде типтирүү бойдон катып тургандай түрдө тартылган делет.

Албетте, бул дагы тактатала турган маселе. Бирок, ошондой болсо да, сүрөттү жакшылап карап, Верещагин чын эле Байтик баатырды тарткан болуш керек деген ойго келсе болот. Себеби, сүрөт Мюнхенде тартылган, башкача айтканда Верещагин Байтик баатырды көрбөй тарткан. Бирок, ал Байтик баатырдын социалдык статусун, канчалык таасирдүү экенин жакшы билген. Ошондуктан ал Байтик баатырды шумкар карматып тарткан. Шумкар байыркы доордон бери кыргыздарда бийликтин символу болуп келген. Енисей кыргыздар Жучиге багынганда үч ак шумкар белек бергенин мисал кылсак болот. Санжырачылардын айтымында Байтик баатыр чоң аңчы болгон. Анын күлүктөрү, тайгандары, аңуулоочу бүркүтү болгон. Мына ушунун өзү Верещагин Байтик баатырды аңчы кылып тарткан деген суроого мыкты жооп болушу мүмкүн. Себеби, Верещагин өзү да Байтик баатыр менен аңууга барып же болбосо, андан аңуу тууралуу ар кандай окуяларды угушу толук ыктымаал.

Сүрөттө  Верещагин Байтик баатырды славян жүзүндө таркан. Ошого айрымдар, бул Байтик баатыр эмес дешет. Бирок, Верещагин сүрөттө кыргыз аңчысын славян жүзүндө бекеринен арткан эмес. Муну менен ал Орто Азияда да европа элдерине түспөлдөш кыргыз эли бар деген ойду айткысы келиши мүмкүн. Башка айтканда ал Батыш элдерине кыргыздарды европеоид түспөлүндө презентация кылып жаткандай. Анткени Верещагин, башка орус офицерлери сымал эле, Енисей кыргыздары тууралуу да көптөгөн маалыматтарды окуп, аларды билген десек болот. Ошого Мюнхенде тартып жаткандыктан ал Байтик баатырды славян түспөлүндө тартышы мүмкүн болчу. Анан калса, Канайдын азыркы тукумдарынын арасынан да сүрөттөгү Байтик баатыр деп аталып жаткан адамга окшош замандаштарыбыз оңой эле табылаарын унутпайлы.  

Жыйынтыктасак, Верещагиндин «Богатый кыргызский охотник с соколом» сүрөтү Байтик Канай улууна арналып тартылган деп айтсак болот", - дейт Табылды Акеров.

Ал эми тарыхчы Кыяс Молдокасымов Василий Верещагиндин «Богатый кыргызский охотник с соколом» сүрөтүндө Байтик баатыр тартылган деген пикирге кошулбайт.

"Бул сүрөттөгү Байтик баатыр эмес, шылдың болобуз!

Бул сүрөт Василий Верешагиндин 1871-жылы Мюнхен шаарында элестүү тарткан сүрөтү. Сүрөт өтө чеберчиликте тартылган, эч айып жок. Бирок дал ушул сүрөттү айныксыз Байтик баатырдын сүрөтү деп "далилдеп", баатырдын 200 жылдыгына арналып курулчу айкелине, болгондо да Президент тарабынан каржыланып жаткан айкелге ушул сүрөттү негиз кылып алганга чечим чыгарышыптыр.

Өткөндө өкмөттө өткөн жыйында угуп, "Уят болосуңар!" десем, Президенттин кеңешчиси "Байтиктин чыныгы сүрөтү ушул деп" - айтпадыбы дешти. "Президенттин кеңешчиси туура эмес айткан токтоткула!" - деп айттым. Чындыгында бул Байтик баатырдын чыныгы сүрөтү эмес. Бетин карагыла. Славян элинин бет түзүлүшү. Кийими окшошсо да бети, чырымы, жашы окшошпойт!

Василий Верешагин 1867-69-жылдары Түркстан Генерал-губернатору Фон-Кауфмандын карамагына келип иштегени чын. Ал жылдары Чүй өрөөнүнө келгени да айныксыз чындык. Ал убакта Байтик баатыр 50 жашка да чыга элек мезгили болчу. Сүрөттө 70 тен ашкан кыргыздын бай аңчысы. Болгондо да славян түспөлдөшкөн!

Андыктан нак ушул сүрөттү Байтик баатыр деп, айкелди ушул турушунда тургузуу барып турган сабатсыздык! Сүрөт Чүйдө эмес, Мюнхен шаарында тартылган. Шылдың болобуз! Тез токтотолу!", - дейт тарыхчы.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости