www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Жолдошум менен баш кошуп жашаганыбызга он беш жыл болду. Шаарда өз үйүбүздө, эки балабыз менен турабыз. Башында квартирадан квартирага көчүп, базарда соода кылып бирге бутка турганбыз. Үй, машина алып, эч нерседен кем болбой жашап калдык. Бара-бара жолдошум жеке ишкана ачып, кол алдында адамдарды иштеткенге жетишти, мени болсо иштетпей койду. 

Өзү жумуштан кеч келер эле. Бир жолу кармалып жатканынан телефон чалсам, жумуштан колу бошобой жатканын айтты. “Макул”, - деп телефонду өчүргөнгө камынып жатсам, телефондун ары жагынан аялдын үнү угулуп калды.

Күйөөм телефонун өчүрдүм деп ойлоду, бирок мен алардын сүйлөшкөнүн көпкө угуп турдум. Жолдошумдун унаасында отурушкан окшойт, андагы мага тааныш ырлардын коштоосунда экөө бир топко чейин шаракташты. Сөздөрүнүн бири угулуп, бири угулбай жатты. Ошентсе да белгисиз айымдын назданганы, жолдошумдун аны эркелете сүйлөгөн сөздөрүнөн улам калтырап чыктым. Акыры чыдай албай телефонду басып койдум. 

Үйгө келгенде эч кандай уруш чыгарган жокмун, болгону бул кылыгын түшүндүрүп берүүсүн жөн гана сурандым. Ишенесизби, таптакыр мойнуна албай койду. “Бухгалтер кыз, жолубуз бир экен, үйүнө жеткирип койгом”, - дегенден башка кеп айткан жок.

Бирок мен буга ишенген жокмун, ушундан кийин шекшип телефонуна сүйлөшүүлөрдү автоматтык түрдө сактоочу программаны жүктөп койдум. Эртеси эле күнү ал уктары менен телефонун алып текшере баштадым. Менин шектенгеним чын болуп чыкты. Күн ичинде Жыпара аттуу кыз менен үч жолу сүйлөшүптүр.

Алардын ар биринде сагынганын, сүйүүсүн айтып, өмүрү мен укпаган сөздөр менен эркелетип сүйлөптүр. Мен ишенип жүргөн жолдошумдун бул кылыгы жүрөгүмдү жаралады. Бирок бул тууралуу сөз козгосом эле чоң жаңжал чыгып, күйөөм менден кетип кала тургансып даай албай жатам.

Бирок ичимдеги ызам ашып, өзүмдү коёрго жай таппай жатам. Эмне кылам?

Sveta_ayday. Ушундай адамдар көп экен. Бутуна турганда эле, кечээги күндү унутуп калышат. Жаш кыздардын аркасынан чуркап, акчаларын чачканга өтүшөт. Жолдошуңуздан айрылып, балдарыңызга жакшы тарбия бериңиз. Сиздин эмгегиңизди баалабагандан кийин сизге татыктуу эмес.

nuku1100. Жолдошуңуз менен шашпай отуруп сүйлөшүп көрүңүз. Сөзсүз эле жаңжал чыгарбай түшүнүшүү жолу менен деле сүйлөшүүгө болот да. Ага үй-бүлөсүн же ал кызды тандоосун сунуш кылыңыз. Сизди сыйлап, балдарыңызды жакшы көрсө, туура жолду тандайт.

Berdieva. Жолдошуңузду кечирүү сиз үчүн оор, билем. Бул мага да тааныш жагымсыз сезим. Ошентсе да ачык сүйлөшүп, бир мүмкүнчүлүк берип көрүңүз. Эгерде аны менен мамилесин токтотууга эрки жетпесе, анда ажырашып өз жолуңуз менен кеткениңиз оң.

Булак: "lady.kg"

Последние новости