www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англис тилиндеги интрига, кылмыш, сүйүү аралашкан, “Өр таянган таштак жол” аттуу кызыктуу чыгарма, кыргыз тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу чыгарманы кыргызчалаган, теле журналист Мээрим Ташибекова Фейсбуктагы баракчасында бөлүшкөн.

Мындан улам “NazarNews” маалымат агентиги Мээрим айым менен байланышып, алгач аталган чыгарма тууралуу билүүгө кызыкты.

“- Чыгармада, Мак аттуу каарман сүйүктүү жубайын кимдир-бирөөлөр өлтүрүп кеткен соң, кайгысын унутуш үчүн дүйнө-мүлкүн, жумушун таштап, оор жүк ташуучу машине айдап узак жолго аттанат. Бирок, жубайын өлтүргөн неме анын артынан түшүп алып, түрдүү кырсыктарга учуратат. Көрсө, диний ишеними үчүн касын тигиптир. Бул интрига, кылмыш, сүйүү аралашкан кызыктуу чыгарманы которуу мага ырахат тартуулады. Чыгарманын жанры автордун жол очерки деп койсок болот го. Бул Келли Маккойдун алгачкы чыгармасы. Узак жылдар бою оор жүк ташуучу унаа менен жүк жеткирип жүрүп, маалымат чогултуптур. Өздөрү Новел дешет”, -деп билдирет котормочу айым.

Котормочунун белгилөөсүндө аталган чыгарманы орусчалоого 2 ай, кыргызчалоого 1.5 ай кеткен. Эми алдыда түрк тилине которуу максаты дагы бар. Ал эми чыгарманы которуу кокусунан сунушталып калган.

“ - Кыскасы, тамаша чындыкка айланып кетти. Америкада жашап, иштеп жүргөн журналист Эркинбек Өкүмалиев америкалык жазуучу Келли Мак Маккойго жолугуп, кол тамгасы менен китебин белекке алганы тууралуу Фейсбукка жазып чыгыптыр. Аны көрүп сыймыктанып бөлүшүп койгом. Китептин автору Келли аны көрүп, "Бөлүшкөнүңүз үчүн ыраазычылык билдирем, эми орус тилдүү окурмандарга да жетсе сонун болмок"- деп жорум жазыптыр. Жөн турбай тамашалап: "Балким Сиздин китепти мен котором"-деп жооп жазып койгом. Аны Келли олуттуу кабыл алыптыр. Дароо китебинин электрондук вариантын жөнөттү. Кайра чочуладым, себеби, бул чоң жоопкерчилик. Бирок артка кайтууга болбой калды. Үмүтүнө суу сепкенден уялдым. Окуп көрсөм түшүнөт экенмин. Анан "Көз коркок, кол баатыр" деп чыгынып которуп баштадым.  Кээде жергиликтүү слэнгдерди, идиомаларды түшүнбөй калып жаттым. Аны уялбай эле автордон сурап турдум. Тез эле которуп бүтсөм, Келли аябай таң калып, ыраазы болду. Анан бош жатпай кыргызча которо баштадым”, -деп баяндайт Ташибекова

Айтмакчы, америкалык жазуучу Келли Мак Маккойдун калемине таандык чыгарманын кыргызчасын окугусу келгендердин саны барган сайын арбып бара жатканын андагы комментарийлерден байкоого болот.

Китепке кызыккан окурмандардын көптүгү күтүүсүз болгонун котормонун автору, “эми суроо-талапка жараша дагы чыгарганы калдым”, - деп билдирет. Айтылгандарга караганда, китеп азырынча саналуу гана тиражда жарык көргөн. Учурдагы баасы 300 сомдон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости