www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү кинорежиссер Квентин Тарантино эң мыкты Голливуд актерун атады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Анын оюнда “Неуправляемый” тасмасында актер Крис Пайн эң мыкты ролду жараткан.

“Мен Крис Пайндын чоң күйөрманымын. Мен үчүн анын жашындагы (Пайн 39 жашта) актерлордон эң мыктысы ошол”,-дейт режиссер.

Пейндин “Звездный путь” тасмасында ойногону жакса дагы, ал “Неуправлаемый” тасмасынан кийин гана режиссердун көз алдында “кино жылдызы” болгон. Бирок Тарантинонун айтымында, бул проект актердун карьерасында кийинки тепкичке көтөрүлгөнгө жардам берген жок.

“Мен анын чоң күйөрманымын. Ошон үчүн эгер менде ага ылайыктуу роль болгондо, мен өзүмдүн тасмама чакырмакмын”,- дейт Тарантино.

39 жаштагы америкалык актер Крис Пайн “Дневники принцессы-2: Как стать королевой” (2004-жыл), “Поцелуй на удачу”(2006-жыл), “Неуправляемый”(2010-жыл) деген тасмаларда роль жараткан. Пайн 2009-жылы чыккан “Звездный путь” тасмасында Жеймс Тибери Кирктин ролун жаратканда гана белгилүү боло баштаган. Ошондой эле кийинки тартылган “Стартрек: Возмездие” (2013) жана Стартрек: Бесконечность”(2016), “Чудо женщина” тасмаларында тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости