www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Шамаал болбосо... кайдан” дечү эмес беле. Анын сыңары тиги контейнер мектептин азабынан иштен кеткен Нарындын мурдагы губернатору Аманбай Кайыпов Стамбулдагы башкы консулдугуна бара турганы каңкуулана баштады.
Анткени азырынча ал так эмес, айрым маалымат каражаттарынын ишенимдүү булактары айткандары гана. Ошентсе дагы чети угулган ушактын төркүнү бизде чын болуп чыкчу эле.
Болбосо Кайыпов, облус башкармалыгынан кеткени менен атттан түшкөн эмес. Учурда ал Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеп жаткан.
Ал эми, айтылып жаткан Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу кызматынын орду азыркы тапта бош. Анда ишкер Айеркен Саймаитинин киши колдуу болуп өлгөнүнө чейин Эркин Сопоков иштеп келген. Учурда бул киши кызматтан бошоп, камакка алынган.
Булак: NazarNews.kg