www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштогу көчөлөрдүн биринде кароосуз калтырылган  2 жаштагы  наристенин апасы тун  баласын да  балдар үйүнө тапшырып бергендиги аныкталды.

Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө 2019-жылдын 29-декабрында түнкү саат 01:30 чамасында эки жашар кыз табылган. Ошол күндөн баштап, кыздын ата-энесин  издөө башталган. 

2 жашар кыздын энеси Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын 27 жаштагы тургуну болгондугу аныкталган. Энесинин айтымында, кыздын үйдөн чыгып кеткенин байкабай калган.

Ал эми бөбөк азыркы учурда Гагарин мектебинин жанындагы балдар үйүнө жайгаштырылган, абалы жакшы.

Тергөө учурунда  аял биринчи тун  баласын балдар үйүнө таштаганы такталды.

Кыздын ата-энесине каршы «коркунучта калтыруу» беренеси менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле аларды ата-энелик укугунан ажыратуу үчүн сотко иш өткөрүлгөнү айтылат маалыматта.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости