www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мээрим Жуманазарова Албаниядагы MUHAMET MALO–2026 аттуу эл аралык рейтингдик турниринде күмүш медалга татыды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мээрим 68 кг чейинки салмак чен бирдигинде күч сынашып, мелдешти 1/8 финал баскычынан баштап, алгачкы беттештеринде АКШнын өкүлдөрү Дестин Рене (11:0) жана Солин Николь Пирсини (10:0) ири эсеп менен мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга жолдомо алды.

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Түркиянын балбаны Нерсин Бас менен кез келип, 8:4 эсебинде үстөмдүк кылды.

Чечүүчү финалдык беттеште Болгариянын спортсмени Юлиана Яневаны 0:2 эсебинде жеңилип калды.

Последние новости