www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 27-февралда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев парламенттеги жыйындар залында уюштурулган “Жаштар диалогу – 2026” аталышындагы иш-чарага катышты.

Алгач Төрага Марлен Маматалиев аталган аянтча жаштарга эле эмес, жалпы өлкөнүн келечегине байланышкан маселелер боюнча ой бөлүшүп, пикир алмашууга чоң өбөлгө түзөрүн белгилеп, жыйындын катышуучуларына ийгиликтерди каалады. 

“Калкыбыздын эки жарым миллиондоюн жаштар түзөт. Андыктан келечек ээлерине шарт түзүп, аталган багыттагы саясатты күчтөндүрүү мамлекетибиздин башкы максаты. Өз кезегинде Жогорку Кеңеш да бул маселеге астейдил көңүл буруп, Төраганын алдында Жаштар кеңешин түздүк.  Буйруса түзүлгөн Кеңеш жаштар менен өз ара байланышты чыңдоо, жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жаштар саясатын өркүндөтүү менен алардын коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө шарт түзүү боюнча сунуштарды өз убагында иштеп чыгуу максатында жигердүү иш алып барат”, – деди Марлен Маматалиев. 

Ошону менен катар соңку жылдары өлкө казынасы өсүп, экономикалык жаатта чоң өзгөрүүлөр болуп, өлкө башчыбыз Садыр Жапаров жаштар саясатына өзгөчө көңүл буруп жатканын айткан Төрага: “Албетте жасалып жаткан реформаларды мындан ары да улантууда жаштарыбыздын ролу чоң. Ал эми Жогорку Кеңештин Төрагасы катары мен дагы келечек ээлерин колдоого алып, керектүү демилгелерин ишке ашыруу үчүн ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даярмын”, – деди.  

Андан тышкары Төрага депутаттар менен бир катар долбоор-сунуштар боюнча кеңешкенин айтып: “Албетте муундар алмашат. Азыртан жаштарга керектүү шарттарды түзсөк, өлкөбүздү алдыга жылдыра турган улан-кыздар өсүп чыгары бышык. Ошондуктан, келечек ээлерин Жаштар кеңеши менен тыгыз кызматташып, биргелешип иштөөгө чакырабыз”, – деп кошумчалады. 

Эскерте кетсек, “Жаштар диалогу – 2026” аталышындагы иш-чарага ар кыл тармакта эмгектенип жаткан жаш адистер, жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттер жана коомдук-саясий иштерге активдүү катышып жаткан жаштар чакырылган. Ошондой эле жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев баштаган жетекчилер да катышты.

Последние новости