www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы ички иштер министри Абдулда Суранчиев «Мегаком» соода маркасы менен иш жүргүзгөн «Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин милдетин аткара баштады.
Суранчиев 2013-2014-жылдары ички иштер министри болгон. Акыркы жылдары «Альфа Телеком» компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары болчу.
Мурдагы жетекчи Акылбек Жамангулов «Биримдик» партиясынын курамында октябрда өтчү парламенттик шайлоого талапкер болуп катталгандыктан, 19-августта кызматын тапшырды.
Жамангулов «Альфа Телекомду» 2018-жылдын октябрынан тартып башкарып келаткан.
Булак: NazarNews.kg