www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаран Улукбек Бакен Уулу социалдык тармактагы баракчасына телефон аркылуу алдамчылык фактылары тууралуу өз пикирин жазып чыкты.

Ал өз билдирүүсүндө айрым шылуундар «Мегаком» номерлеринен чалып жатканын айтып, мындай көрүнүшкө тынчсыздануусун билдирди.

«Эмне үчүн алдамчы, шылуундар мамлекеттик деп эсептелген компаниянын номерлерин колдонуп чалышат?» — деген суроо коюп, байланыш операторлорунун коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Жаран мындай көрүнүштөр элдин ишенимине таасир этиши мүмкүн экенин айтып, компаниялар жана тиешелүү органдар телефондук алдамчылыкка каршы чараларды күчөтүшү керек деген пикирде.

Адистер эскерткендей, белгисиз адамдар телефон аркылуу жеке маалыматтарды, банк картасынын сыр сөздөрүн же SMS аркылуу келген коддорду сураса, аларга ишенбөө керек.

Коопсуздук үчүн ар дайым маалыматты компаниялардын расмий байланыш каналдары аркылуу текшерүү сунушталат.

Последние новости