www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын борбору Душанбеде мунапыс (амнистия) жөнүндөгү мыйзамдын негизинде 1000ден ашуун соттолгон адам абактан бошотулду.

Маалыматка ылайык, бошотуу иштери «Биринчи советтик» түзөтүү мекемесинде жүргүзүлгөн. Эртең менен мекеменин алдына бошотулган адамдардын туугандары жана жакындары чогулуп, аларды күтүшкөн.

Пенитенциардык системадагы булактын маалыматына караганда, бошотуу жаңы кабыл алынган мунапыс (амнистия) мыйзамына ылайык ишке ашырылган.

Азырынча мамлекеттик органдардан расмий маалымат бериле элек.

Буга чейин 6-июлда Тажикстандын бир нече жаза аткаруу мекемелеринен мунапыстын (амнистиянын) негизинде 2979 адам бошотулганы, алардын арасында 297 аял бар экени маалымдалган.

Айрым соттолгондордун жаза мөөнөтү да кыскартылган.

Последние новости