www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту өлкөнүн чек ара аймактарында болгон эки жер титирөөнү каттады.

Алардын биринчиси 9-июлда саат 20:45те болуп, күчү 3 баллды түздү. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан. Тактап айтканда, очок Бүргөндү айылынан 6 чакырым түндүк-чыгышта, Үч-Коргон айылынан 15 чакырым түндүк-чыгышта, Өзбекстандын Анжиян шаарынан 30 чакырым түндүк-батышта жана Манас шаарынан 60 чакырым түндүк-батышта болгон.

Кыргызстандын калктуу аймактарында жер титирөөнүн күчү 2 балл болгон.

Экинчи сейсмикалык активдүүлүк бүгүн түнү саат 01:59да катталып, анын күчү 4 баллды түздү.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында, Талас тоо кыркасынын аймагында жайгашкан. Ал Көк-Сай айылынан 30 чакырым түштүк-батышта, Казакстандын Тараз шаарынан 76 чакырым түштүк-батышта жана Талас шаарынан 115 чакырым түштүк-батышта болгон.

Көк-Сай, Айна, Кайнар, Арча-Гүл жана Шекер айылдарында жер титирөөнүн күчү болжол менен 2,5 балл болгон.

Последние новости