www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Россия Федерациясынын биринчи президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Башкаруучу кеңешинин жыйынына катышты.

Иш-чарага депутат Гуля Кожокулова, Россиянын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары, Башкаруучу кеңештин төрагасы Константин Могилевский, университеттин ректору Сергей Волков, кеңеш мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйынга чейин Төрага университеттин заманбап жабдуулар менен камсыздалган лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Улуу Ата Мекендик согуштагы баатырлардын эрдигине арналган тарыхый-документалдык көргөзмөнү көрдү.

Жыйында окуу жайдын ишмердүүлүгү, стратегиялык өнүгүү багыттары жана акыркы окуу жылдарындагы жетишкендиктери талкууланды.

Марлен Маматалиев Кыргыз-Россия Славян университети Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүү билим берүү долбоорлорунун бири экенин белгилеп, окуу жайдын акыркы жылдардагы иштерине жогору баа берди.

Ошондой эле ал окутуучулар жана студенттер үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча сунуштарын айтып, Ош шаарында университеттин филиалын ачуу демилгесин колдоорун билдирди.

Жыйындын соңунда айтылган сунуштарды эске алуу менен тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Последние новости