www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

А эмнеге Меган Маркл америкалык чалгындоо кызматынын агенти деген версия каралбайт? Мындай суроо менен интернет колдонуучусу Елена Скороходова өзүнүн пикирин жазып чыкты.

“Актрисаларды кылымдардан бери мындай максаттар үчүн пайдаланышат. Ал жакта биринчи ирет артисттик чеберчилик каралат.  Советтик тыңчы Борис Григоьев айткандай: “Жыныстык катнаш дүйнөлүк тыңчылыкта өзүнүн максатына жетүү үчүн негизги курал болуп келген жана боло берет дагы”. Гарри өзүн аябай эркин алып жүргөн, кайсы жакта болсо да жыргап, күзөтчүлөрдөн качып жүргөн. Мена эми “гуляйтетип” бүттү. Себеби мындай адамдар өзүнүн күзөтчүлөрүнөн качып жатып, чет элдик чалгындын кызыкчылыгына түшөт.

Менде бир эле суроо бар: Биздин Мамлекеттик коопсуздук комитетти каякта? Эмнеге биз согушу жок эле англиялык ханзааданы америкалыктарга берип салдык? Биздин аял тыңчы мектептерибиз каякта? Заманбап “Ольга Чехова” каякта?”,-дейт Елена Скороходова.

Эске сала кетсек, 8-январда ханзаада менен жубайы Меган Маркл падыша үй-бүлөсү менен байланыштырган кызматты бошотууну жана финансы жактан көз карандысыз болууну кабарлашкан.

18-январда Букингем хан сарайы жубайлар падышалык үй-бүлөнүн келишими боюнча, падышалык милдеттерди аткаруудан бошотулуп, падышалык титулдан ажыратылганын кабарлаган.

Мындан сырткары, жубайлар 2,4 млн фунтту, башкача айтканда алардын үйүн оңдоого мамлекеткеттин казынасынан кеткен каражатты кайтарып беришет жана мындан ары мамлекет тарабынан каржыланбайт. Ошондой эле, герцог жана герцогиня титулдары кала берет. Ханзааданын жана анын жубайынын расмий статусу ушул жылдын жаз айларында күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости