www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Падышалык үй-бүлөдөн кутулуп, Канадада жыргап жашап жаткан Меган Маркл шоу-бизнестеги карьерасын кайра жандандыруу жана Голлливудда жаңы тааныштарды табуу аракетин көрүп жатат. Radar Online билдиргендей, бул максат менен герцогиня жолдошу ханзаада Гарриге арыктоону буйруду. Мегандын ою боюнча, акыркы айларда Гарри  ашыкча салмак кошкон. Анын бети да толуп кеткен.

Кош бойлуу учурунда кошкон салмагынан кутулган 38 жаштагы Меган 35 жаштагы Гаррини өзүн кароону талап кылган. Анын ою боюнча жолдошу белгилүү адамдардын фонунда татыктуу көрүнүш керек.

“Меган аны бул көйгөйдү жок кылууну буйруган. Бул машыгуу залына барууну жандандыруу, углеводду азайтуу, машыктыруучу менен ар күн сайын иштөө дегенди түшүндүрөт. Ал аялы экөө коомго белгилүү адамдар менен чыгып тамактанууда миллион долларга көрүнүш керек. Мисалы, Жорж Клуни жана анын аялы Амаль сыяктуу”,-деп басылма билдирген.

Ошондой эле, мурунку актриса жолдошунун гардеробун алмаштырыш керек жана стилинин үстүндө иштеш керек деп эсептейт.

“Меган ушунун баарын уюштурат, а Гарри болсо аялы көрсөткөн багытта жүрөт”,-деп басылма жазып чыкты.

Канадада жашаган Меган убактысынын бир бөлүгүн өзүнүн Лос-Анжелес шаарында өткөрүүнү пландап жатат. Ал жактан жолдошу экөө үй караштырышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости