www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ханзада Гарри жана анын жубайы Меган Маркл Украинаны колдоо үчүн акча бөлүшкөн, деп жазат Daily Mail. Маалыматтан соң басылманын окурмандары түгөйлөрдүн ишмердүүлүгүн сынга алган. Маалыматка караганда, түгөйлөр украиналык маалымат каражаттарына жана бир нече кайрымдуулук уюмдарына акча бөлүп б ерген. Бирок, кайрымдуулуктун көлөмү так айтылбайт.

Түгөйлөрдүн мындай аракеттерине Твиттер колдонуучулары жана басылманын окурмандары күмөн санаган. Айрымдар бул түгөйлөр буга чейин жеке жашоосун коомчулукка жарыялоодон алыс болууну кааларын билдиргенине карабастан, азыркы аракеттерин жайылтып көрсөтүүгө аракет кылып жатканына түшүнбөстүк айтылган.

Социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан: "Алар өздөрүнөн башка эч кимди ойлобойт, Гарри менен Марклдын жардам берүү аракеттерин тамаша деп атап, түгөйлөр Киевди колдогондуктан орус аскерлери дароо казармага кайтып келет", -  деген создөр айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости