www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында “Элита” мейманканасынын жанына ташталган наристенин апасынын жарандык никедеги күйөөсү "бала меники эмес" деп айтууда. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, Ош шаарында мейманкананын жанынан 5 айлык наристе табылган. Ош ШИИБинин маалыматына караганда, 15-октябрда кечки саат 11лер чамасында милицияга “Элита” мейманканасынын жанынан наристе табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге оперативдүү-тергөө тобу барган. Алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгында, С.Р. аттуу бала 2019-жылдын май айында төрөлгөндүгү анык болгон.
Наристенин апасы да табылган. Ал 1986-жылы Өзгөн районунда туулган. Өз көрсөтмөсүндө, ал баласы 1994-жылы туулган А.К. аттуу жарандык никедеги күйөөсү экөөнүн ортосунда туулгандыгын түшүндүргөн. Аял күйөөсүн коркутуп коюу үчүн баласын мейманкананын жанына таштап, өзү 20-30 метрдей барып көз салып турган.
Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткан чагы.
Булак: NazarNews.kg