www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы “Азия-2020” чемпионатына даярдануу алкагында Өзбекстандын курама командасын кабыл алып, конокторду 5:1 эсебинде “сыйлап” койду. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча ассоциациясы маалымат таратты.

Маалыматта айтылгандай, учурда футзал боюнча 2020-жылы өтчү Азия чемпионатына даярдык катары Бишкекте окуу-машыгуу иш-чаралары жүрүүдө.

Эртең, 19-октябрда Өзбекстандын курамасы менен дагы бир матч өтөт.

Эскерте кетсек, Азия чемпионатына тандап алуу оюндары 23-25-октябрь күндөрү Иранда өтөт.

Анда Кыргызстан Иран жана Түркмөнстандын командалары менен бир тайпада ойношу күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости