Алмазбек Шаршеновичти бийликке алып келгендерди, эмне үчүн ал президент болгон соң бирден талкалаган:
- Роза Отунбаева - Убактылуу өкмөттүн төрайымы, 2016-жылы 31-августта жөн жерден президент Атамбаевден кагуу жеп, басып кеткен.
- Алмазбек Атамбаев - Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары, 2011-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын президенти.
- Өмүрбек Текебаев - Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, жалаа менен камалып, учурда сот ишти кайрадан карап атат.
- Азимбек Бекназаров - Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, 2011-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
- Темир Сариев - Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, 2015-2016-жылдары премер-министр, өкмөт башынан кеткени Атамбаевге оппозицияда.
- Болот Шерниязов - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, ИИМ министри, ал мүчө болгон «Ата-Мекен» партиясы 2016-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
- Эмилбек Каптагаев - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, президенттик аппарат жетекчиси, 2016-жылы Ысык-Көл губернаторунан кеткен соң Атамбаевге оппозицияда
- Элмира Ибраимова - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Эсеп палатасынын төрайыман кеткен соң 2016-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
- Дүйшөн Чотонов - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Текебаев менен бирге камалган.
- Исмаил Исаков - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2015-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
- Кеңеш Дүйшөбаев - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2011-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
- Топчубек Тургуналиев - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, түбөлүк оппозицияда.
- Абдыганы Эркебаев - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, «Ак Шумкар» партиясынын мүчөсү, «Ак Шумкар» 2016-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
- Иса Өмүркулов - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Атамбаевдин убагында Бишкекке мэр да болгон. 2016-жылдан бери парламенттеги КСДП фракциясынын жетекчиси.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg