www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 7-февраль күнү болжол менен күндүзгү саат 10:00 чамаларда “Тез жардам” кызматына Сузак районунун аймагында жайгашкан мейманканалардын биринен чакыруу түшкөн. Анда бир эркек, бир аял киши бири-бирин бычактап, денелеринен жаракат алышкандыгы маалымдалган. Бул тууралуу NazarNews.kgге Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан Нурдин Жээнтаев билдирди.

Аталган маалыматтын негизинде Сузак РИИБнин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барганда, бир эркек, бир аял киши бири-бирин бычактап, эс-учун жоготкон абалда жаткандыгы аныкталган. Жаракат алгандар Сузак райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Окуя боюнча текшерүү иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну Д.М. мейманкананын администраторуна өзү менен кошо келген 21 жаштагы кызды "аялым" деп тааныштыргандыгы белгилүү болгон.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, Сузак РИИБнин эксперт-криминалисттери тарабынан бармак издери жана тиешелүү далил буюмдар алынды.

 Аталган факт Сузак РИИБнин КЖБРне “Ден соолукка оор зыян келтирүү” беренеси менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Учурда шектүү Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну Д.М. камакка алынып, дарыгерлердин жана милициянын көзөмөлүндө атайын палатада дарыланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости