www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-июлда Ысык-Көлдө «Мейкин Азия» фестивалынын алкагында эл аралык сынактын финалы болуп өттү.

«Мейкин Азия» фестивалында Гран-прини румыниялык ырчы Диана Стынчуляша алды. Баш байге $8 миң түзгөн.

Биринчи орунду мекендешибиз Урмат Сатыбалдиев ээледи.

Экинчи орунду дароо үч катышуучу бөлүштү: Виталий Дроб (Беларусь); Камир (Кыргызстан); Кира Гоголадзе (Россия).

Үчүнчү орунда дагы үч аткаруучу: Полина Тасева (Македония); Едже Аса (Түркия); Тулкин Таджиев (Өзбекстан).

Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө Кирилл Матвеев (Якутия) ээ болду.

Фестивалдын маанилүү учуру катары комиссиянын төрагасы тарабынан маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевге «А» классындагы сертификаттын тапшырылышы болду. Бул «Мейкин Азия» фестивалы эл аралык сертификациядан өттү дегенди билдирет.

Жалпы фонд $20 миң. Гран-при — $8 миң, биринчи орун — $6 миң.

Азия менен Европанын 25 өлкөсүнөн келген ырчылар ат салышкан ыр таймашы 22-июлдун кечинде соңуна чыкты.

Финалдык концертке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух конок катары келишти.

Фестиваль Бактуу-Долонотудагы ипподромдо 20-июлда башталып, баш байге үчүн 28 аткаруучу күч сынашты. Арасында Франция, Аргентина, Грекия, Хорватия, Казакстан, жана башка өлкөлөрдөн келген ырчылар бар. Кыргызстандын атынан үч өкүл катышты. Алар улуттук ырлардан тышкары, дүйнөлүк хиттерди аткарып, күч сынашты.

Последние новости