www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-октябрда “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет кылды.
Темирбек Асанбеков бир нече кишинин коштоосунда имаратка жакын келип, ал жака кирип кетүүнү каалаган. Элдик кошуундардын лидери менен ал орой мамиле жасады, уят сөздөрдү айтты.
“Мени киргизгиле, болбосо жигиттерди алып келем” деди ал.
Бирок имаратты кайтарган элдик кошуундар аны өткөрбөй коюшкан.
Белгилей кетесек, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг башталып, митингчилер Ак үйдү жана мамлекттик мекемелерди басып алышкан.
Булак: NazarNews.kg