www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мекенчил дегенине ишенүүгө болобу?

Кайран “насостун” мойнуна алтын орден тагылышы тууралуу депутат Рыскелди Момбеков туура сыпаттады. Эгерде ошол насостун ашмалтайы чыкпаганда ТЭЦте кырсык катталмак эмес. Анан дагы бир жылы өпкөсү кышылдап, жерге суусу куюлуп жатып калмак. Бирок, ушул окуя болбосо парламенттин кыйын депутаттарынын жүз күндүк иши менен далай төбөлдөрдүн тагдырына балта чабылбай калмак. Айтор, талаш-тартыштын аркасы аркылуу айрым күнөөсү жоктор темир тор артына отуруп калганы өкүнүчтүү.

Маселен, мурдагы энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиевдин мындай жосунсуз ишке тийиштиги жок экенин эки кеткен өкмөт башчылар айтып чыгышты. Кыраакылыгы жоголо элек Темир Сариев менен Сапар Исаков жөн жерден тызылдашпайт эле? Мекенчилдиги жанда жок бул жигиттин шектүү ишке барышына биз ишенбейбиз деген кебинен булар эзели кайтпаса керек. Негизинен “Бөрк ал десе баш алынып” жатканына деле күбө болорубуз билинип калды. Ал эми күч түзүмдөрүнүн “желдеттеринин” жообу даяр. —“Биз иликтөөнү ошентип жүргүзө беребиз” –дегендей кебин бетине кармашат. Эмнеси болсо да ТЭЦтин чуусу кылымдык аферага айланып кетпесе болду. Себеби, желеге байлангандардын санагы жок болуп турат. Ошентсе да “бороондун” капшабына илинчеги жок кадрлар кабылбаса экен…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости