www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштар. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбына, жынысына, улутуна, диний ишенимге жана тек-жайына карабай жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантуу.
Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризис байкалууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы.
«Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат.
«Мекеним Кыргызстандын» командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар.
Максаты:
Биздин приоритеттер:
Биздин принциптер:
Бир сап менен
«Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы – өлкө турмушунун ар кайсы багыттары боюнча реалдуу долбоорлор топтому. Программа популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай. Анда коомдогу актуалдуу маселелер эске алынып, аларды чечүүнүн жолдору келтирилди. Албетте, баарын бир программага камтуу мүмкүн эмес.
Партиянын программасы ар бирибизге түшүнүктүү, элдик программа болушун каалайт. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү ушул программада зарылдыгы көрсөтүлгөн көптөгөн мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга даяр.
“Мекеним Кыргызстан” Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөнү кезектеги көчө революциясы эмес, интеллектуалдуу революция, инновация жана жаңы идеялардын революциясы менен таң калтырарына ишенет.
Кыргызстан региондогу ийгиликтүү модернизациянын үлгүсү боло алат жана ошондой болууга тийиш. Чыгыш Азияда азыр төрт «жолборс» бар. Эми Борбор Азия «барстарынын» мезгили келди.
Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!
Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.