www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
—Кыргызстандын жазын сагындыңбы?
Ыйлагымды келтиресиз, кантип сагынбай коёюн, Жылуу, жайлуу, абасы салыштырмалуу таза Бишкектин өзүн аябай сагынып жүрөм. Жаз келип, айлана жанданып, сонун болуп калса керек. Кыргызстандын жазын албетте сагындым. Ушул күндөрү Чехияда абдан суук болуп турат. Бул жакта жаз кеч келет. Кун жаркырап май айларында эле тийбесе, ага чейин асман боз болуп тура берет. Бирок ошол эле маалда таза болгондуктан баары жап-жашыл болуп, бак-дарактар, гулдөр өңүнө чыгып турат жазында. Кыргызсгандын жазы дегенде негедир айылда балчык кечип жүргөн балалыгым эске түшөт. Ошондой эле сөзсүз мектептеги каникулдан кийин туфли кийип чыкчубуз көчөгө, ошолорду аябай эстеп калыптырмын. Анан албетте байчечекей, андан кийин кызгалдак терип, сирендин жытын искегенге не жетсин. Жазды элдин баарындай күтөм. Башын анча деле жактырбайм, суук, ала-шалбырт, бир күнү жаан, бир күнү кар болуп жүдөтүп жиберет эмеспи.
Булак: "Де-Факто"